Лейлек районунун Раззаков айылында 24-декарбь күнү райондук деңгээлдеги күрөш мелдеши болуп өттү. Күрөшкө райондун ар кайсы айылдарынан балбандар келип, өздөрүнүн күчүн сынашты.
Бул күрөш мелдеши Орунов Саат агайдын жаркын элесине арналды. Бул күрөшкө райондун Андарак айылынын балбандары да катышып, бирок башкы орунга ээ боло алышкан жок.
Бир гана 31 килограмм салмакта күрөшкөн Кеңеш Алтынбек уулу 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Андарак айылынын балбаны Белек Насириддин уулу төмөнкүлөрдү айтты:

«Бул күрөш өтө кызыктуу өттү. Балбан балдар өтө көп экен. Тилекке каршы, мен бул оюнда 55 килограмм салмакта күчүмдү сынап, атаандашыма уттуруп жибердим. Эми келерки оюндарга катуу даярданып барам».

Бул спорттук иш чара Раззаков орто мектебинин спорт залында болуп өттү. Катышуучуларга түшку ысык тамак берилди. Күрөшкө Ош облусунун Ноокат районунан келген балбандар байгелүү орундарды алып кетишти. Мелдеш тууралуу андарактык балбандардын машыктыруучусу Бекатан Батыров буларды айтты:

«Биздин балбандардын көпчүлүгү Оштон келген спорт чебери болгон балдар менен күч сынашышты. Мелдеш өтө жакшы болду. Биздин балдарда бир жылдын ичинде кыйла жылыш чоң. Кудай буюрса, бир-эки жылдан кийин биздин балдар да 1-2-3-орундарды ээлеп калат деген ниетим бар. Барган жерибизде өтө чоң мелдеш болду. Балдардын тамак-аштарына чейин берип, аябай жакшы сыйлап жөнөтүштү. Бизге айыл өкмөтүбүз жол кирени төлөп берди».

Иш чаранын уюштуруучулары Разаков орто мектебинин администрациясы. Жеңүүчүлөргө медалдар, громаталар, акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
Даярдаган: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн
АК