Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө орто мектебинде быйыл 10-классы жок. Анткени окуучулардын көпчүлүгү 9-классты аяктагандан кийин мектептен чыгып, окуу жайларга тапшырып кетишкен.
Райондогу Сумбула айыл аймагына караштуу Сары-Дөбө орто мектебинде быйыл 10-класс жок. Мектеп директору Жапар Кааровдун айтымында, бул класстын жабылышына ички миграция себеп болгон.

«Өзү тогуз эле окуучу болгон, алардын баары 9-класстын базасынан чыгып кетишти. Учурда балдардын баары Бишкек шаарындагы ар кайсы окуу жайларда окуп жатышат», — деп билдирди Кааров.
Сары-Дөбө орто мектебинде 10-класс жоктугуна байланыштуу үч чакырым алыстыктан Манас орто мекебине келип билим алып жаткан Гүлүмкан Алмазбек кызы төмөнкүлөрдү айтты.
«Мен Манас атындагы орто мектебининен 3 чакырым алыстыкта жашайм. Мурда Сары-Дөбө орто мектебинде окучумун. Ал жерде 10-класс жоктугунан бул жерде билим алып жатам», — деди ал.

Сары-Дөбө мектеби
Учурда Сары-Дөбө мектебинин 9-классында 21 окуучу бар. Алардын бири Канышай Кадыркул кызы азырынча окуусун мындан кийин улантабы-жокпу бир чечимге келе электигин айтат.
«Мен 9-класстын базасынан мектептен кетемби билбейм. Чече элекмин. 3-4 классташым мектептен 9-классты бүтүрүп чыгам деп атышат», — деди ал.
Даярдаган: Кабылов Айипбек
Редактору: Нурислам Жанибеков
Сынак үчүн