Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүндө өткөн жылдын 11-декабрында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болуп, 21 депутака 7-январь күнү мандат тапшырылды.
Бул тууралуу Сумбула айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Абдираим Жороев билдирди.
«7-январда 21 депутатка мандат тапшырылды. Мандатты Лейлек райондук шайлоо комиссиясынын катчысы Назакат Амирова жана мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адиси Бектемир Ашимов келип тапшырды», — деп билдирди Жороев.
Айылдык кеңешке шайланган эң жаш депутаттардын бири — Абдимомун Сулайманов. Сулайманов 246 добушка ээ болгон.

«Мен биринчи жолу депутат болдум. Учурда 29 жаштамын», — деп ал.
Даярдаган: Бекжан Абдижамил уулу
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн