Лейлек районуна караштуу Искра айылында жайгашкан “Компаньон” банкы элет элине өз кызматын кылууда. Банк ачылгандан бери элге жеңилдиктер жаралып, улгайып калгандар, мүмкүнчүлүгү чектелгендер, пенсия, пособияларын ушул жерден алып калышты.
Искра айылында жайгашкан “Компоньон” банкы 2016-жылдын 23-октябрынан бери иштеп жатат. Бул тууралу банктын кызматкери Хамробай Субанов билдирди.

“Банк элге кредит, пенсияларды, пособияларды, айлыктарды берип жатат. Пенсияда кызмат акысы жок. Банкта үч жумушчу болуп иштеп жатабыз. Ушул жерден туруп эле чет өлкөлөргө акча которсо болот”, — деп билдирди Субанов.

Искра айылынын 69 жаштагы тургуну Шаархан Ганиева өзүнүн пенсиясын ушул банктан алаарын айтат.
“Мен банк ачылгандан бери пенсиямды ушул жерден алам. Бул жерден алуу мага ыңгайлуу, андан сырткары үйүмө да жакын”, — деди ал.
Даярдаган: Бекжан Абдижамил уулу
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн