Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылынын тургундарынын ден соолугун мындан он жылдай мурун салынган ФАП (Фельдшердик-акушердик пункту) көзөмөлдөйт.
ФАП 2008-жылы жергиликтүү инфраструктураны жакшыртуу, элет элинин жашоо шарттарын жеңилдетүү максатында Европа уюмунун каржылоосу менен салынган.

Учурда ФАПта эки медайым, бир санитардык кызматкер эмгектенет жана иш күндөрү саат 8:00дөн 17:00гө чейин иштейт.

“Кыш мезгили күн суук болгондуктан сасык тумоологондордун саны башка ооруларга караганда көп болуп жатат. Башка кооптуу оорулар жокко эсе. Эгерде кооптуу оорулар жаралып калса, өзүбүз алгачкы жардамды көрсөтөбүз. Эгерде бейтапта жылыш жок болсо, айыл өкүмөттөгү башкы ооруканага жиберебиз. Бизде эч кандай азыр көйгөйлөр жок. Бейтаптарды кабыл алууга жакшы шарттар түзүлгөн. Бөлмөлөр жылуу. Эгерде карылар ФАПка жете албай турган бейтаптар болсо, үйүнө барып карап келебиз. Ушинтип канча жылдан бери Сары-Дөбөнүн тургундарынын ден соолугун көзөмөлдөп келе жатабыз”, — деп билдирди ФАПтын медайымы Умсунай Ганиева.

ФАП беш бөлмөдөн турат.
Даярдаган: Мунара Малабаева
Редактору: Аймир Каныбекова
Сынак үчүн