Ак-Талаа районундагы маданият үйүндө мектеп окуучуларынын арасында “Мен бийчимин” аттуу бий таймашы алтынчы ирет өткөрүлдү. Жалпы 15тей бийчи жана бий топторунун арасынан мыкты алтоо тандалып алынып, сынактын кийинки баскычына жолдомо алышты.
Таймашка райондогу орто мектептердин бий ийримдери жана балдар билим борборунан жалпы 12 бий командасы жана эки жеке катышуучу болду. Жобого ылайык катышуучулар үч тапшырма: кыргыз улуттук, башка улуттун жана заманбап жаштар бийлери боюнча бий өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Катышуучулардын айрымдары мыкты даярдыктар менен келишкен болсо, айрымдары 1-2 тапшырмага бирдей эле бийлерди аткарышты. Таймаштын жүрүшүндө калыстар тобу катышуучулардын өздөрүн сахнада алып жүрүүсүнө, бийдеги айрым элемент жана кыймыл аракеттердин аткаруу чеберчилигине баа беришти.
Райондук маданият үйүнүн директору Курманжан Тиленбаеванын айтымында, жылдан жылга катышуучулар көбөйүп баратат. «Жолдун алыстыгына карабай келген бий топтору да бар. Ал эми негизги максаты бий өнөрүн өнүктүрүү», — деди ал.







Бүгүнкү таймашта тандалып алынган алты: Ш.Бейшеналиев мектебинин “Азем”, “Диадема”, “Диа-1”, Э.Карасартов мектебинин “Тоо шаңы”, балдар билим борборунун “Кыял” жана А.Турдакунов мектебинин “К-групп” бий топтору 13-мартта өтүүчү финалдык турга катышат.
Даярдаган: Нурбекова Аймырза
Редактору: Айылчиева Адина
Сынак үчүн