Ноокат районунун Арбын айылында күн жылып калганына байланыштуу айлана-чөйрөнү тазалоо иштери башталды.

Айыл тургундары ишембиликте таштандыларды алышып, арыктарды жана көрүстөндөрдү тазалашты. Ишембиликтин максаты — элдерди тазалыка жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүгө чакыруу.

Арбын айылынын тургуну Алмамат Тайлаков “Айланаң таза болсо өзүңө да жакшы, таза абада жашайсың эч кандай жыт жыттанбай. Жаратылышты жана айлана-чөйрөнү таза кармоо ар бир адамдын милдети” деген пикирин айтты.

Ишембилик бир айдан бери жүрүп жатат. Бул үчүн айыл өкмөт тарабынан атайын буйрук чыгарылган.

“Буйрук чыгарылгандан бери эле эл тынымсыз иштеп жатышат. Бир айдын жүзү болуп калды, тургундар жалпы эле чогулушуп ар бир көчөнү ашар жолу менен тазалап кетишүүдө”, — деп билдирди Арбын айылынын башчысы Асан Кадыров.
Даярдаган: Зарина Нурдинали кызы
Тренер:Дилнура Абдиламит кызы