Бүгүн Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде жол кыймылынын жаш инспекторлорунун райондук сынагы болуп, ага Э.Карасартов, Ж.Сатылганов жана Ш.Бейшеналиев мектебинин командалары катышты.



Сынактын жүрүшүндө калыстар тобу командалардын даярдыгын жети тапшырма боюнча баалашты. Аталган иш-чараны райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев ачып, катышуучуларга максатын айтып, ийгилик каалады. Ошондой эле жаңы окуу жылынан тартып мындай жаш инспекторлордун сынактары колго алына турганын кошумчалады.



Сынактын жүрүшүндө Ш.Бейшеналиев жана Э.Карасартов мектебинин командалары жогорку даярдыктарын көрсөтүшүп, жыйынтыгында алдынкы орундарды камсыз кылышты.
Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин ЮИДД командасы 4-майда өтүүчү облустук турга катышат. Катышуучулардын бардыгына Ак-Талаа РИИБи тарабынан грамоталар жана белектер тапшырылды.
Даярдаган: Жылдызбек кызы Алтынай