Учурда Искра айылында жаштар арасында эл көйгөйүн сахналаштырып көрсөтүү жана ошол аркылуу чечүү өзгөчө популярдуу болууда. Айылдагы ошондой театрлардын бири “Тынчтыкка карай жол” форум театры.
Бул учурда көп кездешкен жаңжалдардын бири бул улуттук касташуу. Элди ынтымакка, биримдикке чакыруу жана улуттар аралык достукту бекемдөө максатында Искра айылында “Тынчтыкка карай жол” деп аталган форум театр кайрадан өз ишин баштады.

Форум театр аркылуу жаштар ар кандай темадагы маселелерди талкуулап, алардын чечүү жолдорун сунушташат. Мисалы мектеп рекети, кусада калган балалык, кордоо же мындан башка көйгөйлөр бар.
Сценарийлерди таланттуу жаштар өздөрү сахнада ойношот. Бул форум театр алгач атайын долбоордун негизинде, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондусунун демилгеси жана Айрекс, ЮСАИД аттуу эл аралык уюмдардын демөөрчүлүгү менен ишке ашырылган.

Бул тууралуу театрдын кординатору Салия Джораеваден кенениреек маалымат алдык. Анын пикиринде, окуучуларга тийгизген жакшы таасири бар.
“Биздин театрга катышкан жаш окуучулар, коомдо өздөрүн эркин алып жүрүүгө, ой-пикирлерин ачык айтууга үйрөнө алышат. Форум театр жумасына эки жолу өтүлүп турат. Ал эми театрдын иштебей калышынын себеби форум театрга колдоо көрсөткөн уюмдардын каражаты жетишпегендиктен, айлык төлөнбөгөндүктөн токтоп калган. 2016-жылдын март айынан баштап ЮНИСЕФтин колдоосу менен форум театр өз ишин баштады”, — деп билдирди форум театрдын кординатору Салия Джораева.

Мындай театр өз чектерин кеңейтип, башка аймактарга да жеткирүү иши колго алынууда.
Даярдаган: Данияр Бахридин уулу
Сынак үчүн