Лейлек районуна караштуу Искра айылында 2011-жылы Уулман Каразакованын демилгеси менен 50 орундуу “Байчежекей” балдар бакчасы ачылган. Учурда орун жетишпегендиктен балдар жатууга кыйналып жатканын билдирди тарбиячы.
Бакчага айыл өкмөтү жана ата-энелер демөөрчү болуп керектүү буюмдарды алып беришкен. Азыркы күндө балдардын саны көбөйүп бакчага батпай ыңгайсыздык жаратууда. Бакчанын көйгөйлөрү тууралуу Уулман Каразакованан кененирээк маалымат алдык.
“Бизде учурда көйгөй — балдардын саны көп болгондуктан дагы бир тайпа ачууга туура келип турат. Дагы бир тайпа ачуу үчүн бизге бөлмөлөр жетишсиз. Жаныбызда бөлмөлөр бар “Жаштар борбору” деп турат. Бирок жаштар борору иштебейт. Ошол бөлмөнү алалбай турабыз. Бөлмөнү бизге беришсе биз дагы бир тайпа ачат элек”, — деп билдирди Каразакова.
Бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенген Акмөөр Кутпидинованын кошумчалашынча, бакчада орун жетишсиздигинен кээ бир орундарга балдар экиден жатып калат. «Ыңгайсыздык жаралып балдар уктабайт”, — деп айтып өттү тарбиячы Кутпидинова.
Даярдаган: Данияр Бахридин уулу
Сынак үчүн