Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлбарчын Мамытбекова “Тарых жана маданият жылына” жана “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын эки жылдыгына арналган мугалимдердин республикалык кароо-сынагында “Даанышман мугалим” номинациясында 1-орунду жеңип алды.

Сынакка республиканын бардык облусунан жалпы 16 мугалим катышты. Сынактын жүрүшүндө кыргызга аты таанымал Эл мугалими Ш. Кулуев баштаган калыстар тобу иштеп, катышуучулар жободо белгиленген 5 тапшырма боюнча күч сынашты.

Сынакты уюштуруунун негизги максаты туралуу “Мугалим” журналынын башкы редактору, профессор Р. Сулайманова мындай дейт.
“Учурда мугалимдин аброю кандайдыр бир деңгээлде түшүп кетпедиби. Ошол себептүү мугалимдин ар тараптуу чыгармачыл, таланттуу экендигин көрсөтүү, даңазалоо. Жаштарды бул ардактуу кесипке тартуу болуп саналат”, — деп билдирди Сулайманова.

Сынактын жеңүүчүсү Гүлбарчын Мамытбекова бул сынактын жобосу менен интернеттен таанышканын айтат. «Даярдыгым жакшы эле болду. Тилекке каршы районо да, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да көңүл буруп, эч болбосо жол киремди чечип берген жок. Айрым патриот адамдар колдоо көрсөтүштү. Аларга рахмат”, — деп айтып өттү Мамытбекова.
Даярдаган: Калида Кубанычбекова
Сынак үчүн
АА