«Кеңеш-Нуру» жамааттык мультимедия борборунун ыктыярчылары айыл тургундарынан сурамжылоо жүргүзгөндө, сугат маселеси боюнча көптөгөн маселелер бар экенин айтышты. Биз бул тууралуу Куу-Майдан айылынын башчысы Абдүрөшүт Кадырбердиев менен маек курдук.
Сугат боюнча жайында көп көйгөйлөр болот. Суу чыкпаган жерлерге сууну кантип чыгаруу керек?
— Негизинен ички арыктарды тазалоо керек. Сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн арыктагы жерлерди жерине жараша график түзүү керек.

Мурдагы чыр-чатактарды кантип чечүүгө болот?
— Ал чыр-чатактарды мыйзам чегинде чечүү керек. Эгер мыйзам чегинде аткарышпаса жаза колдонуу керек.

Элдин сунушу болду беле?
— Ооба сунуштар көп эле болуп жатат. Элден да сунуштар түштү.
Пландар барбы?
— Ооба албетте бар. Буйруса быйылкы жылга пландарды койдук. Көйгөйлөрдү чечебиз.
Даярдаган: Эльвира Садирали кызы
Сынак үчүн