Ак-Талаа району 1936-жылга чейин Тогуз-Тороо району менен биригип, Тогуз-Булак району деп аталып, райондун борбору Дөрбөлжүн айылы болгон. Райондо Ак-Талаа, Тогуз-Тороо, Мыкаачы айылдык кеңештери түзүлгөн.
Ак-Талаа айылдык кеңешинин атынан Ак-Талаа району деп аталып өз алдынча район катары 1936-жылы 2-сентябрда уюшулган.

Быйыл райондун 80 жылдыгы белгиленип, ага КРнын өкмөтүнүн, министрликтердин өкүлдөрү, облус, райондордун жетекчилери катышты. Ошондой эле Эл мугалими М.Базаркулов, Т.Жыргалбеков, геология боюнча белгилүү окумуштуу К.Осмонбетовго илимдеги эмгектери үчүн “Ак-Талаа-Эл коомунун” атынан белектер берилди.

Катышкан өкүлдөр куттуктоо сөздөрүн айтуу менен бирге белектерин тапшырышты. Мааракенин ардактуу коноктору болушту.

Ал эми райондо мурда Аткаруу комитетинин секретары болуп иштеп кеткен К.Ашыралиев, Д.Берикбаев, И.Жолдошевдер райондун жетишкендиктерине, жасалган иштерге кеңири токтолушту.

Маараке белгилүү өнөрпоздордун концерттик номерлери менен коштолду.
Даярдаган: Г. Мамытбекова