Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы мекеме-ишканаларда иштеген кыз-келиндер арасында волейбол жана кол күрөш боюнча спорттук мелдеш болуп өттү. Мелдешти Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы уюштуруп, демөөрчүлүк кылышты.
Мелдешке жалпы алты команда катышты. Уюштуруучу команданын капитаны Гүлжаз Капарбек кызынын айтымында, бул кыз-келиндер арасындагы шерине оюн.
«Мурдагы оюнда биз утуп алганбыз. Шарт боюнча кайсы команда өтмө кубокту утуп алса, ошо команда кийинки мелдешти уюштурат жана спорттун түрлөрүн өздөрүнүн каалоосу боюнча тандап алышат», — деп билдирди Капарбек кызы.

Волейбол боюнча мелдеште Аялдар кеңешинин жана “Тынчтык” балдар бакчасынын командасы артыкчылык көрсөтсө, кол күрөштө ооруккана кызматкерлери жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү.

Жыйынтыгында волейбол боюнча өтмө кубокту аялдар кеңеши утуп алып, грамота жана акчалай белектер менен сыйланса, 2-орунду “Тынчтык” балдар бакчасынын командасы камсыз кылды.



Кол күрөш боюнча 70 кг чейинки салмакта 1-орунду Гүлжаз Капарбек кызы, андан жогору салмакта Бердибекова Асель ээледи.

Ак-Талаа райондук спорт инспектору Мирбек Чырмыев “мындай мелдештер ынтымакты, биримдикти бекемдөөгө жана ден соолукту чыңдоого жардам берет” деген оюн билдирип өттү.

Кийинки мелдештерди февраль айында Аялдар кеңеши өткөрөрү маалым болду.
Даярдаган: Мамбетказиев Абдурахим
Редактору: Айылчиева Адина
Сынак үчүн
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жанга көчүрүп басууга тыюу салынат!