Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын эң ыйык жерлеринин бири “Тешик-Таш” үңкүрү. Ал жерге ооруп калган адамдар, төрөбөгөн аялдар жана башка түрдүү ооруларга даба издегендер барып сыйынышат.
Бул тууралуу Тешик-Таш айылынын тургуну Ташмама Өмүрзакова менен маек курдук. Айтымында, Сумбула айыл өкмөтүндөгү Тешик-Таш айылы дал ошол ыйык таштын атынан аталып калган.
“Бул тешик ташка илгерки убакта адамдар сыйынышчу. Ооруп калган адамдар, төрөбөй калган аялдар ошол жерге барып сыйынышкан. Ал жерге жөндөн жөн барууга болбойт”, — деди Ташмама эне.

Бул ыйык Тешик-Ташка адамдардын көңүлү бурулбай, учурда унутулуп бараткандыгын кошумчалайт ал.

“Мурда биз челпек бышырып кошуналар менен бирге барып, каалоо тилектерибизди айтып, жасаган челпектен ошол жерде ооз тийип, көңүлүбүздөн чыгарган тыйындарыбызды ошол жерге таштап, бат-баттан барып турчубуз. Азыр ал жерге адамдар көп деле барбай калышты”, — деди Өмүрзакова.

Даярдаган: Бекжан Абдижамил уулу
Редактору: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн