Лейлек районундагы Искра айылында жайгашкан Манас орто мектеби беш күндүк окуу системасына өткөндөн бери эки жуманын жүзү болду. Беш күндүк окуу системасына мугалимдердин ою кандай?
Бул суроо менен Манас орто мектебинин мугалимдерине кайрылып, ойлорун угуп көрдүк.
Салия Жороева, :

— 5 күндүк окуу системасына көнө албай жатабыз. Себеби окуу жүктөмү балдарга бир күндө 6-7 саатка туура келип жатат. Акырындап көнүп кетээрбиз деп ойлоймун. Азыркы мезгилде өтө оор болуп жатат.
Бурма Узакова, орус тили жана орус адабияты мугалими:

— 5 күндүк окуу жумалыгы мени канааттандырбайт. Күнүнө алты сааттан болгондуктан балдар чарчап калып жатат.
Асел Калматова, англис тили мугалими:

— Ар бир класска 6-7 сааттан коюлган. Бир жумада 28 сабагым бар болгондуктан төрт күн алты сааттан өтүп жатам, 6-саатта балдар курсагым ачты деп, көп жооп сурашат. Бул система мага такыр жаккан жок.
Асия Сулайманова, кыргыз тили жана кыргыз адабияты мугалими:

«7-8-11-класстарга тарбиялык сааттар 7-саатка калып жатат. Окуучулар үчүн да, мугалимдер үчүн да беш күндүк окуу системасы кыйынчылык туудурууда. Негизи алты күндүк окуу жакшы болчу.
Алия Кудайбердиева, биология мугалими:

— Алты күндүк окууга караганда беш күндүк окуунун бир кыйла жакшы жактары бар. Себеби балдар 6-күнү мектепке барбай, ар кандай ийримдерге катышканга мүмкүнчүлүк алат. Беш күндүк окуу системасы мага жакты.
Динара Төлөнбаева, башталгыч класстардын мугалими:

— 1-классты окуткандыктан ал беш күндүк окуу системасынын кандай экендигин байкай элекмин. Анткени 1-класстын окуучулары мурдатан эле беш күндүк окуу системасында.
Даярдаган: Данияр Исакбаев
Сынак үчүн
НЖ