Баетов айылдык кеңешинин жаңы шайланган депутаттары уюштуруу иштери боюнча өткөн биринчи сессиясында күн тартибиндеги маселелер менен бирге ички тартипти сактоо жана депутаттык ишмердүүлүктү ачык-айкын жүргүзүү боюнча чечим кабыл алышкан.

Тураркан Нурдөөлөтова Баетов айылдык кеңешинин депутаты
“Тактап айтканда элдин добушу, ишеничи менен шайланып келген эл өкүлү сессияга катышпай коюуга укугу жок. Ошондой эле кеңештин сессиясы ачык-айкын өтөт. Эл кандай маселе каралып, эмне болуп чечилип жатат же бюджеттин каражаты кайда кетип жатканын өзү катыша албаса дагы медиалардын жардамы менен көрүп, угуп турат”,- деди Тураркан Нурдөөлөтөва.

Алмаз Абдылдаев (солдо биринчи) Баетов айылдык кеңешинин депутаты
Ал эми Алмаз Абдылдаев: “Депутаттар өз округубыздагы шайлоочулар менен жолугуп, көйгөйлөрүн угуп, маселе көтөрүп турабыз. Эл менен жакын бололу, жоопкерчиликтүү бололу деп жатабыз. Буюрса жакшы иштер пландалууда”,- дейт.
Сүрөт: Жайлоого өтчү жолдор оңдолууда
Барчын Мамытбекова
