Жергиликтүү кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык болууга тийиш. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана ар бир жаран жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык жергиликтүү кеңештин бардык сессияларына катышууга укугу бар.
Жергиликтүү кеңештин сессияларына катышууну каалаган жарандарга чектөө коюлбайт. Бирок алар регламентте белгиленген эрежелерди сактоосу зарыл. Баетов айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Нургул Сатылганова бул мыйзамда дагы белгиленген дейт.

Нургүл Сатылганова Баетов айылдык кеңешинин депутаты
Нургүл Сатылганова: «Жергиликтүү кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык болууга тийиш. Ар бир жаран сессияга катышууга толук укугу бар. Бул укук КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 30-беренесинде жазылган».
Жергиликтүү кеңеш сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарга алдын ала маалымдоо боюнча бардык чараларды көрүүгө, сессияга кирүү үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле жергиликтүү кеңеш кабыл алган чечимдер жөнүндө калкты маалымдоого милдеттүү экендиги КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 30-беренесинде белгиленген.
Белгилүү болгондой көпчүлүк жарандар жергиликтүү кеңештин сессиясына катышпайт. Себеби эмнеде? Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаты Нарынбек Өмүркул уулу мындай деди:

Нарынбек Өмүркул уулу Баетов айылдык кеңешинин депутаты
Нарынбек Өмүркул уулу: «Негизи жарандар үчүн сессия ачык болот. Бирок элге толук маалымат жетпей калып жатат. Жарандар сессияга катышууга кайдыгер эмес. Биз сессиянын болоору, күн тартиби тууралуу жана өтүү убактысы тууралуу маалымат беришибиз керек. Буга чейинки сессияларда маселеси каралбаган жөнөкөй жарандар катыша элек».
Бирок, Нургүл Сатылганова жергиликтүү кеңеш жабык сессия өтө турган жагдайлар тууралуу буларга токтолду:
Нургүл Сатылганова: «Жергиликтүү кеңеш, эгерде каралып жаткан маселе мыйзамга ылайык мамлекеттик жашыруун сырга тийиштүү болсо, жабык сессия жана туруктуу комиссиянын жабык жыйналышын өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн».
Эгерде сессияга жарандар катыша турган болсо, жергиликтүү кеңештин төрагасы сессияны ачар алдында депутат болуп саналышпаган адамдардын сессияга катышып жаткандыгы жөнүндө билдирүүсү зарыл . Сессияга катышып жаткан адамдар үчүн жыйналыштар залында өзүнчө орун бөлүнөт.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Барчын Мамытбекова
Кулатов: Бала бакчанын курулушу аяктоодо
Карточка: Могол айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата негизги чыгымдары