2021-жылдын 13-август күнүнөн тарта 22-августка чейин Башкырстандын Уфа шаарында эркин күрөш боюнча жаштар арасында өткөрүлгөн Дүйнө биринчилигинде 55 килограмм салмактагылар арасында күрөш боюнча атаандаштарынын үстүнөн жеңишке жетип, Кыргызстандын капчыгына күмүш медаль алып кайткан Калмира Билимбекованы «Кош кел Чемпион!» аталыштагы ураан менен жердештери салтанаттуу тосуп алды.
Балбан кыздын жеңишине арналган салтанат Ак-Талаа районунун аркасынан башталып, катар тизилген кортеж Баетов айылындагы Тайлак баатырдын эстелигинин жанына келип токтоп, жергиликтүү тургундар, жаштар тарабынан кыргыз элинин салтына ылайык даам ооз тийгизилип, гүл менен тосуп алышты. Андан соң, Тайлак баатырдын эстелигинен тарта Дөрбөлжүн аянтына чейин борбордук Манас көчөсү аркылуу жөө жүрүш менен уланды.
Салтанаттуу иш-чара андан ары Дөрбөлжүн аянтында миңдеген элдин катышуусунда өткөрүлүп, анда акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов, айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев, ардагер Жайлообай Абдиев, Замирбек Турдукулов, балбан кыз Калмиранын атасы жана тренери Билимбек Капарбеков, апасы Калбү Аппасияева, Калмира Билимбекова жана бир катар мекеме-ишкана жетекчилери куттуктоолорун билдирип, белектерин тапшырышты.
Дүйнө биринчилигиндеги күмүш медалды багынткан К.Билимбековага Баетов айыл өкмөтү жана айылдык кеңеши тарабынан 100 миң сомдун, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы 10 миң сомдун сертификатын тапшырды.
Райадминистрациянын берген белегине нааразы болгон активист Азамат Барктабасов өзүнүн жана үй-бүлөсүнөн атынан 30 миң сом тапшырды.
Салтанаттын соңунда ардагер Замир Турдукулов балбан кызга ак батасын берди.
Барчын Мамытбекова