Ак-Талаа районунда учурда билим берүү мекемелеринде иштеген кызматкерлер санитардык кароо менен бирге коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп жатышат. Эмдөөдөн өткөн кызматкерлердин санитардык китепчесине ишке уруксат мөөрү басылат.
Район боюнча жалпы 1451 кызматкер бар болсо, булардын ичинен 18 мектепте 826 мугалим жана 233 кенже кызматкер эмгектенет. Ал эми мектепке чейинки 22 мекемеде 126 тарбиячы, 202 бала бакчалардын кенже кызматкерлери бар. Мындан сырткары, балдардын билим борборунда 16 мугалим ар кандай ийримдерде иш алып барат.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин айтканына караганда билим берүү кызматкерлеринин 71% коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.
Каныбек Эсеналиев Ак-Талаа РБББ башчысы
“1451 билим берүү кызматкеринин ичинен 1006сы эмдөө алса, 314 мугалим ар кандай себептерден (өнөкөт оорусу барлар, бала эмизгендер, медициналык маалымкат) улам алган эмес. Ал эми 32 мугалим жайкы өргүүгө байланыштуу сыртта болгондуктан, азырынча эмдөөдөн өтүшө элек. Окуу башталганча буюрса өтүшөт. Тактап айтканда бүгүнкү күндө билим берүү кызматкерлеринин 71% эмдөөдөн өттү”,- дейт.
Ал эми райондук дарыгерлер практикалык борборунун дарыгери Майрам Токтомамбет кызы мугалимдер көпчүлүк менен иштегендиктен эмдөөдөн өтүшү зарыл экендигин айтты.
Майрам Токтомамбет кызы
“Мугалимдер өздөрү илдетке чалдыкпаганы менен вирусту алып жүрүүчү болуп калышы толук мүмкүн. Анткени, алар көпчүлүк менен-балдар, ата-энелер менен иштешет да. Мугалимдер жамааты өздөрү деле көп. Өздөрүнүн ден-соолугу жана коопсуздугу үчүн вакцинациядан өтүү керек. Ооба, алар эмдөөгө келген учурда үйдө отурган ата-энелер бар, аларчы, алардан жукпайбы бизге, же аларды дагы эмдөөдөн өткөрдүңөрбү деген суроону беришүүдө. Бирок биз эмдөө өзүбүз үчүн керек экенин түшүнүшүбүз керек”.
Барчын Мамытбекова