3-декабрь Майыптыгы бар адамдардын күнүнө карата Кулатов айыл өкмөтүндө иш- чара болуп өттү. Иш- чарага жалпы мүмкүнчүлүгү чектелген айыл тургундары келип катышты. Аларга белектер берилип, чакан концерттик программа көрсөтүлдү.

Концерттик кече
Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр Көчкөнов:
«Бүгүнкү иш- чара айыл өкмөт тарабынан уюштурулду. Бул иш- чара аялуу катмардагы жаш балдарга жалпы эле мүмкүнчүлүгү чектелгендерге арналды. Алардын көңүлүн көтөрүүгө, алардын коомдо орду чоң экендигин билдирүү максатында уюштурулду. Жалпы 15 миң сом акча каражаты бөлүндү. Концерттик таймаш болуп, белектер берилди.»

Айыл тургуну Айгүл Абдыкаарова: «Мен бүгүнкү иш- чарага баламды алып келдим. Жогорку деңгээлде өтүп жатат. Жалпы элдин маанайы абдан жакшы, аябай кубанып жатабыз. Уюштуруучуларга терең ыраазычылыгымды билдиремин.»

Айылдагы соц адиси: Аселя Сыдыкова:
«Бүгүнкү иш- чарага майыптыгы бар адамдар чакырылды. Концерттик программалар өтүп жатат. Алар өз таланттарын көрсөтө алышты. Жалпы соцадистер биргеликте уюштурууга көмөктөштүк. Райондон келген коноктор, калыстар тобу баары жакындан жардам көрсөтүштү. Чакан таймаш уюштуруп, 1-орунга уюлдук телефон, 2-орунга колонка, 3-орунга столдук шахматтар берилди, жана айыл өкмөт тарабынан ардак грамотасы менен сыйланышты.»

1-орундун ээси
Чынара Көчкөнбаева, Асылкан Кожоева, Айзирек Мурзабекова