Ноокат районуна караштуу Кулатов айылына эл тарабынан алынган тез жардам унаасы №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ооруканасына алынып келип элге кызмат көрсөтө баштады. Айылда эски кызмат көрсөтүүчү унаа бар болгону менен талапка жооп берчү эмес.

Бөкөнбай айылынын жаштар жетекчиси, уюштуруучу Данияр Сатаров:
«Тез жардам унаасын алуу үчүн, жалпы Кулатов элинен 700миң сом акча каражаты чогулду. Бул демилгени Салмоорбек Жусупов, Назир Маматсултан уулу, Тынчтык Жороев инилерим тез жардам унаасын алып келүүнү көздөп, эл менен макулдашып, тез жардам унаасын алып келишти. Жетпей калган акча каражатты Замирбек Камчиев иним демөөрчүлүк көрсөтүп алып келишти.»

Улуу мээрбан эже Минажат Сабырова:
«Мурунку тез жардам унаасында ыңгайлуу шарт жана электр түтүкчөлөрү жок болчу. Унаада кислород жоктугунан кыйынчылык туудурчу. Жаңы унаа заманбап жана ыңгайлуу. Анын өзүңдө кислород жана электр түтүкчөлөрү бар. Бардык шарттар менен камсыздалган.»

Айыл тургуну Курсан Эшимов:
«Бизде мурда тез жардам унаасы болгону менен шарттары жок болчу. Ал эми жаңы тез жардам унаасы заманбап жана ыңгайлуу. Жалпы эл кубанууда. Бул унаа элдер тарабынан алды. Мен да демөөрчүлүк көрсөттүм.»
Чынара Көчкөнбаева, Айзирек Мурзабекова