Өлкө аймагында жакырчылыктан чыгуу максатында жөлөк пул алган жарандарга 100 000 сом бериле баштаган. Бул боюнча Төлөк айылында үч адам алды.
Төлөк айылынын тургуну Жакыпов Жыргалбек көп жылдардан бери мамлекет тарабынан 5 баласына жөлөк пул алып келген: «Мен бул 100 000сом жөлөк пулду өз каалоом менен жакырчылыктан чыгуу максатында алдым. Бул боюнча айыл өкмөткө арыз менен кайрылып, түзүлгөн комиссиядан өттүк. Андан соң акча каражатына комиссиянын катышуусу менен 10 000 сомдон 10 кой алдым. Буюрса буларды көбөйтүп, үй бүлөм үчүн керектүүлөргө жумшайм», — дейт.

Жакыпов Жыргалбек кой сатып алган учуру
«Жакырчылыкты жоюу үчүн айрым элдерге каражат бөлүнүп берет экен деген маалыматты угуп айыл өкмөтүнө арыз менен кайрылгам. Анын да талаптары, шарттары бар экен. Бул көрсөтүлгөн сумманы алган соң балдарга деп алып жаткан жөлөк пулду албайт экенбиз. Макул болуп, бир нече комиссиядан өтүп, акчаны алдым. Акчаны алган соң комиссиянын көзөмөлүндө 1 музоолуу уй жана 3 эчки алдым. Буюрса аларды өз короомдо багып жатам»,- дейт 100 000 сом алган айыл тургуну Нурбек Исакеев.

Искеев Нурбек уй алып жаткан учуру
Кочкор районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Төлөк айылы боюнча кызматкери Каныбек Исмаилов:
«Бул 100 000 сом акча жакыр үй- бүлөлөргө бериле турчу жөлөк пул. Биз айылдан 3 үй- бүлөгө бердик, алардын экөө мал алса, бирөө кийим тигүүчү машиналарды алды. Аларды айыл өкмөттөгү социалдык кызматкер менен биргеликте көзөмөл кылып турдук. Айыл тургуну Жыргалбек Жакыпов менен Нурбек Исакеев айыл ичинен эле мал сатып алгандыктан аларды көзөмөлдөп райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери да келишти. Акчаны туура жолго иштетүү боюнча мурун маалымат берилген, баары жобого ылайык аткарылды. Булар алган малын көбөйтүп, жакырчылыктан чыгат деп ойлойм, анткени 3 айдан кийин булардын берилип жаткан жөлөк пулу толугу менен токтотулат»,-дейт.

Көзөмөлгө алган комиссия дыкаттык менен иштешти
Елена Амангулова, Алтынай Бакытбек кызы