6-ноябрь күнү Бишкек шаарында Кыргызстандагы Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөлөрүнүн жалпы жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга өлкөнүн бардык аймактарынан Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин жетекчилери келишти.
Жолугушууда ар бир жамааттык медианын жетекчиси өзү жетектеген медиа борбор бир жыл ичинде аткарган иштери тууралуу презентация жасашты. Презентацияда өз көйгөйлөрү жана жетишкендиктери менен тааныштырышты.

Жамааттык ЖМК Бирлигинин аткаруучу директору Назира Жусупова

«Ача-Кайыңды» жамааттык мультимедиа медиа борборунун жетекчиси Асел Үркүнбаева презентациясын айтып берип жаткан учуру

Медиа борбордун жетекчилери презентацияга даярдануу учуру

«Соң-Көл» жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Бурул Майрамбек кызы

Deutche Welle Академиясынын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча координатору Лидия Ранерт жана Жамааттык медианын башкы редактору Айзада Калканбекова
Жолугушууда жамааттык медиалар арасындагы ички маселелер талкууланды. Жамааттык ЖМКлар Бирлиги менен мүчөлөрдүн ортосунда түзүлгөн келишимге эки тараптуу кол коюлду. Бирликтин юристи Советбек Дженалиев келишим менен катышуучуларды тааныштырды.

Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин юристи Советбек Дженалиев
Жолугушууда 2023-жылга карата план түзүлүп, ар бир облустун кураторлорунун отчету угулуп, ой-пикир алмашуу болду
жана Жамааттык ЖМКлар Бирлигине жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу болуп өттү.

Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин жалпы курамы