Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылындагы Дөрбөлжүн аянтында 21-март күнү Нооруз майрамына карата иш чара өтөт.
Маалыматка караганда, жаз майрамына арналган салтанаттын алкагында айыл аймактар жана мекеме-ишканалар арасында кыргыздын улуттук баалуулуктарын даңазалаган улуттук тамак-аш, кол өнөрчүлүк жана боз үй жасалгасы боюнча кароо-сынактар жана спорттук оюндар уюштурулат.

Нооруз-2025

Нооруз-2025 (сүрөт архив)

Сынактын жыйынтыгында төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталат:
— “Эң мыкты боз үй”
— Эң мыкты кол өнөрчүлүк
— “Эң мыкты дасторкон жасалгалоо”
— Эң мыкты нандын түрлөрү жана башка тамак аштарга байгелер коюлат.
Жеңүүчүлөргө Баетов айыл өкмөтү тарабынан дипломдор жана чоң суммадагы акчалай сыйлыктар жана «Арыба кыргызымдын нарктуулугу» долбоорунун негиздөөчүсү, башкы демөөрчү Жылдыз Коконбай кызынын атынан акчалай сыйлыктар тапшырылат.
Баетов айыл окмөтү тарабынан уюштурулуп жаткан салтанаттагы сынактарга бардык каалоочулар катыша алат.
Майрам маданият кызматкерлеринин концерттик программасынын коштоосунда өтөт.
Барчын Мамытбекова