Ак-Талаа районунда мектеп окуучулары арасында өткөн «Мектеп лигасы – 2026» мелдеши жыйынтыкталып, үч күнгө созулган спорттук таймаштарга 18 мектептин командалары катышты. Оюндар волейбол, футбол жана баскетбол боюнча өткөрүлдү.
Жыйынтыгында:
Волейбол боюнча кыздар арасында
1-орун Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинин командасы (мындан ары ж.б.б.м)


2-орун Э.Карасартов а.и.ж.б.б.мектебинин командасы
3-орун Байымбет а.ж.б.б. мектебинин командасы камсыздады.
Балдар арасында волейбол боюнча:
1-орун Мейманов а.ж.б.б.мектебинин командасы
2-орун Э.Карасартов а.ж.б.б.мектебинин командасы
3-орун С.Атамбеков а.ж.б.б.мектебинин командасы
4-орун А.Абдраимов а.ж.б.б.мектебинин командасы
Ал эми футбол боюнча
1-орун Ш.Бейшеналиев а.и.ж.б.б.м.
2-орун Э.Карасартов а.и.ж.б.б.м.
3-орун Б.Календеров а.ж.б.б.м.
Баскетбол оюну боюнча 2 мектептин командасы гана катышып, 1-орунга Ш.Бейшеналиев а.и.ж.б.б.мектеби чыкса, Э.Карасартов а.и.ж.б.б.мектеби 2-орунга ээ болду.


Жыйынтыгында алдыңкы орундарды камсыз кылган командалар облустук турга жолдомо алышты. Мелдеш окуучулар арасында спортту өнүктүрүүгө жана достукту бекемдөөгө чоң салым кошту.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова