11-апрель күнү Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагында масштабдуу ишембилик өткөрүлдү. Бул иш-чарага айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, мектеп мугалимдери, бала бакчанын тарбиячылары жана жергиликтүү тургундар активдүү катышып, аймактын тазалыгын камсыздоого өз салымдарын кошушту.
Ишембилик алкагында көчөлөр, коомдук жайлар, арык-каналдар тазаланып, таштандылар жыйналды. Ошондой эле жашылдандыруу иштерине өзгөчө көңүл бурулуп, бак-дарактар отургузулуп, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул сыяктуу иш-чаралар аймактын экологиялык абалын жакшыртып гана тим болбостон, тургундардын биримдигин да бекемдей турганы белгиленди.



Ишембилик учурунда
Айыл өкмөт башчысы Эшимбаев Абсатар ишембилик тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
“Тазалык – ар бирибиздин милдетибиз. Бүгүнкү ишембиликке тургундардын жигердүү катышканы кубандырат. Мындай иш-чаралар аркылуу биз жаш муунга да үлгү көрсөтүп жатабыз. Айылыбыздын таза, көрктүү болушу ар бир жашоочунун жоопкерчилигинде. Мындан ары да мындай ишембиликтерди үзгүлтүксүз өткөрүп турабыз.” 

Ишембилик учурунда
Даярдаган:Жумагүл Көчкөнбаева