Ак-Талаа районунун 90 жылдыгына карата Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде акын, журналист, Кыргыз Эл акыны Өмүрбек Дөлөевдин өмүрү жана чыгармачылык жолуна арналган “Акын жана Ак-Талаа” аттуу поэзия кечеси уюштурулду. Иш-чарага акындын өзү, анын замандаштары, кесиптештери жана жакындары, ошондой эле мугалимдер, окуучулар жамааты жана район акиминин орун басары катышты.







Кеченин жүрүшүндө Ө.Дөлөевди поэзия кечеси менен куттукташып, анын адамдык жана акындык тагдыры тууралуу аны жакшы билгендер айтып беришти. Мындан сырткары акындын калемине таандык ырлар көркөм окулуп, «Казыбектин казалы», «Ак-Мөөр Соң-Көл периси», «Сен менин түшүмсүң» аттуу обон жазылган ырларын мугалимдердин аткаруусунда тартууланды. Кеченин соңунда акын меймандарга райондун 90 жылдыгына арнап жазган ырларынан окуп, уюштуруучалрга ыразычылык билдирди.



Кеченин соңунда акын меймандарга райондун 90 жылдыгына арнап жазган ырларынан окуп, уюштуруучуларга ыразычылык билдирди.


Ал эми мектеп директору А.Токтогулова акынга чыгармачылык ийгилик каалоо менен бирге райондун 90 жылдыгына арналган иш аралар мындан ары да улантыла берерин айтты.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова
Сүрөт: Баяна Токтотемирова