«Биз- XXI кылымдын интеллектуалдары: Чыңгыз Айтматовдун идеялары жана келечектин технологиялары»- аттуу Эл аралык форумунун облустук туру өтүп, анда Ак-Талаа районунун жалпы билим берүү мектептеринен жалпы 35 окуучу катышкан. Алардын эмгектери калыстар тобу тарабынан бааланып, 11 окуучу алдыңкы орундарды камсыздашты.


Жыйынтыгы төмөнкүдөй:
1-орундар:
Ж.Сыдыков атындагы балдардын билим берүү борбору – Рысбеков Али
Ж.Сыдыков атындагы бббб – Бекмамытова Айназик
Э.Карасартов мектеби – Бегалиев Азим
С.Атамбеков мектеби – Кубанычбеков Элхан
2-орундар:
М.Базаркулов мектеби – Бейшенаалы уулу Бакай
Ж.Сатылганов мектеби – Асаналиев Дениз
С.Жусупбаев мектеби – Эсенбаева Жийдеш
Ж.Сатылганов мектеби – Фархадов Даниел
3-орун:
М.Баетов мектеби – Карыбекова Аяна
Мындан тышкары, балдардын билим берүү борборунун дагы 2 окуучусу Ардак грамота менен сыйланды.
Белгилей кетсек, облус боюнча форумга жалпы 130 окуучу катышкан. Ал эми 1-орунду багындырган окуучулар июнь айында өтө турган республикалык этапка жолдомо алышты.
Даярдаган: Мээрим Тентиева