Ак-Талаа районунун Баетов айылында таза суу үчүн траншея казылып жаткан учурда жер алдынан адам сөөгү табылды. Жергиликтүү тургундардын айтымында, окуя 16-май күнү болгон. Таза суу өткөрүү үчүн казуу иштери жүрүп жаткан маалда эскирип, чирип калган адам сөөгү чыгып калган. Окуя болгон жерге райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери чакырылган.



Ак-Талаа райондук тарыхый этнографиялык музейинин директору Зейнеп Жаналиева сөөк экспертизага жиберилерин билдирди:
«Бизге таза суу казылып жаткан траншеадан эскирген адам сөөгү табылгандыгы боюнча билдиришкен. Сөөк Аркабаев Сапаралы көчөсү менен Эмилбеков Асанкан көчөлөрүнүн кесилишинен чыгыптыр. Ал сөөк учурда райондук ички иштер бөлүмүндө экен. Биз бүгүн барып көрүп келдик. Сөөктү экспертизага Бишкекке кетиребиз дешти. Ошондон кийин гана толук маалымат беришерин айтты. Бизде деле толук маалымат жок», — деди З.Жаналиева.

Ал эми Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Кундуз Эсенгулова сөөк экспертизага жөнөтүлгөнүн маалымдады.
Анын айтымында, музей кызматкерлери табылган сөөк 18-кылымга таандык болушу мүмкүн экенин болжолдошууда. Учурда тиешелүү экспертиза дайындалып, сөөк Бишкек шаарына жөнөтүлгөн.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова