Дөбөлү айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу жана малчылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жайыт жолдорун оңдоо жана түздөө иштери жүргүзүлдү.

Аталган иштер Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновдун тапшырмасынын негизинде «Ак-Бел» муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылды.Жайыт жолдорун оңдоо иштеринин негизги максаты малчылардын жайыттарга коопсуз, ыңгайлуу жана тоскоолдуксуз каттоосун камсыз кылуу, ошондой эле жайыттарды пайдалануунун шарттарын жакшыртуу болуп саналат. Бул багыттагы иштер айыл аймагынын тургундарынын муктаждыктарын эске алуу менен жүргүзүлүп, жолдордун абалын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулду.
Аткарылган иштердин жүрүшүндө бузулуп, жараксыз абалга келген жол тилкелери атайын техникалардын жардамы менен тегизделди. Ошондой эле жолдорду кеңейтүү, түздөө жана өтүүгө ыңгайлуу абалга келтирүү боюнча бир катар жумуштар аткарылды. Мындан тышкары жаан-чачындан жана суу жеп кетүүдөн улам өтүүгө кыйын болуп калган айрым тилкелер калыбына келтирилип, жол каттамынын коопсуздугун камсыздоо чаралары көрүлдү.
Жайыт жолдорунун оңдолушу малчылардын жайыттарга жетүүсүн жеңилдетип, убакытты үнөмдөөгө жана транспорт каражаттарынын тоскоолдуксуз жүрүшүнө шарт түзөт. Ошону менен катар бул иштер жайыттарды натыйжалуу пайдаланууга, мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жана айыл чарба тармагындагы иштердин сапатын жогорулатууга оң таасирин тийгизет.

Дөбөлү айыл өкмөтү айыл аймагын өнүктүрүү, инфраструктуралык объектилерди жакшыртуу жана жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытындагы иштерди мындан ары да улантат. Калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган мындай иш-чаралар айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
Даярдаган: Индира Мөндүрбаева