Ак-Талаа районундагы маданият бөлүмү 2 даана боз үйлүү болду.К.Султангазиев атындагы маданият үйүнүн директору Курманжан Тиленбаеванын маалыматына караганда, боз үйлөрдү сатып алуу үчүн 1 млн 530 миң сомго тендер жарыяланып, жыйынтыгында жеңүүчү тарап 1 млн 500 миң сомго эки боз үйдү алып келген. Боз үйлөр толук жабдылган: төшөлмө полу, столдору, этно идиш-аяктары жана сактоочу контейнерлери бар.

Тактап айтканда, райондук өнүктүрүү фондусунун колдоосу менен 85 баш жаңы эки боз үй сатылып алынды.


«Маданият үйүндө боз үй жок болчу. Буюрса, маданий массалык иш чараларда колдонобуз. Эң алгач жакында өтүүчү «Көчмөндөр оюнунда» тигилет. Колдоо көрсөткөн тараптарга ыразычылык билдиребиз»- деди ал.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова