Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №54 мектептин 8-классынын окуучусу Мээрим Турдумахаматова «Росатомдун» эл аралык илимий-агартуучулук «Билимдин муз жаргычы» экспедициясына катышып, Түндүк уюлга барып келди.

13-августта экспедиция Мурманск шаарына кайтып келген. «Жеңишке 50 жыл» атомдук муз жаргычынын бортунда дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн тандалган таланттуу мектеп окуучулары болушкан.
Мээрим Турдумахаматова экспедицияга Кыргызстандан жалгыз катышуучу болуп тандалган. Ал сынактын үч этабынан ийгиликтүү өтүп, өлкөдөн катышкан 827 окуучунун арасынан биринчи орунду ээлеген. Финалдык тандоодо ал «Атом технологиялары бүгүн дүйнөнү кантип өзгөртүүдө» аттуу долбоорун коргогон.
Жалпысынан Арктикага болгон экспедицияга катышуу үчүн 22 өлкөдөн 5 миңге жакын окуучу ат салышкан.
Экспедициянын алкагында окуучулар Мурманск — Түндүк уюл — Франц-Иосиф жери — Мурманск маршруту боюнча 10 күндүк сапарга чыгышкан. Катышуучулар Арктиканын жаратылышы менен таанышып, илимий-агартуучулук иш-чараларга катышып, окумуштуулар менен биргеликте бир катар эксперименттерди жүргүзүшкөн.

Мээримдин айтымында, Түндүк уюлга баруу ага өзгөчө таасир калтырган.
«Арктика аң-сезимди таң калтырат. Суук болду, бирок аябагандай кооз. Муз жаргычтын айланасында ак аюулар жүрдү. Түндүк уюлда өз мекениңдин туусун көтөрүп туруу өмүр бою эсте кала турган сезим экен. Бул экспедиция келечегимди атомдук энергетика менен байланыштырууну ойлонууга түрткү берди», — деди Мээрим Турдумахаматова.
Экспедицияны уюштуруучулардын маалыматына караганда, бул сапар жер үстүндөгү кеме менен Түндүк уюлга жасалган 200-экспедиция болуп тарыхта калды.
Сапардын жүрүшүндө катышуучулар Түндүк уюлдун 90 градус кеңдигине жетип, символдук акцияларга жана илимий программаларга катышкан.
«Билимдин муз жаргычы» долбоору «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын колдоосу менен уюштурулат. Долбоордун негизги максаты — табигый илимдерди жана атом тармагындагы технологияларды жайылтуу, таланттуу жаштарды аныктоо, алардын илимий кызыгуусун арттыруу жана келечектеги кесип тандоосуна багыт берүү.