Токтогул районунда Суу чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы жана Ишкерлер күнү белгиленди.

Майрамдын негизги бөлүгүндө райондун өнүгүүсүнө жана социалдык-экономикалык абалына кошкон салымдары үчүн айрым адистер менен ишкерлер сыйланышты

Адылбек Батырбеков — райондун өнүгүүсүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн «Токтогул районунун ардактуу атуулу» наамына татыктуу болду.

Ошондой эле аны менен катар ишкер Т. Токтосуновго Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамоталары тапшырылды.

Мындан тышкары, бир катар суу чарба кызматкерлери жана ишкерлер райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.

«Пендеге ыраазычылык бере албаган Жараткандын ыраазычылыгын ала албайт!» — дешкен айыл тургундары инсандын эл үчүн жасаган жакшылыгы менен кайрымдуулугу эч качан көз жаздымда калбай турганын баса белгилеп, сыйлыктар ээлерине татыктуу тапшырылганын кошумчалашты.

Майрамдык салтанаттын соңунда маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, келген конокторго жагымдуу маанай тартууланды.

Даярдаган: Азема Сабырбекова