Ак-Талаа районунда агартуучулардын кесиптик майрамына карата «Жаратман мугалим – жаркын келечек» аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага район акими М. Камчыбеков, анын орун басары К. Эсеналиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж. Сыдыков, ардагер мугалимдер, педагогикалык кызматкерлер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Салтанатта район акими М. Камчыбеков мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын, келечек муунду тарбиялоодогу жана сапаттуу билим берүү жолундагы баа жеткис эмгегин белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө ийгиликтерди жаратып, билим берүү тармагындагы ар кандай сынактардын жеңүүчүлөрү болгон педагогдорго сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле ардактуу эс алууга чыгып жаткан мугалимдерге көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирилип, белектер берилди.

Майрамдык иш-чара Э. Карасартов атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинин жамааты даярдаган концерттик программа менен жыйынтыкталды.
Мугалимдерге арналган мындай иш-чаралар агартуучулардын коомдогу ордун даңазалап, алардын эмгегин баалоого жана жаш муундарды тарбиялоодогу жоопкерчилигин белгилөөгө багытталган.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова