Ак-Талаа районунун Жалил Сыдыков атындагы балдар билим берүү борборунун тарбиялануучусу Айназик Бекмамытова сүрөт тартуу боюнча эл аралык жаштар фестивалында Гран-прини жеңип алды. Фестиваль 11–12-октябрь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өттү. «The planet of ART – 2026» аттуу эл аралык жаштар фестивалы ЮНЕСКО уюмунун 80 жылдыгына жана Бүткүл дүйнөлүк ЮНЕСКО клубдарынын 45 жылдыгына карата уюштурулган. Ага дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн 3 жаштан 18 жашка чейинки миңдеген таланттуу жаштар катышып, финалдык баскычка эң мыкты делген 400 өспүрүм тандалып алынган. Алардын эмгектеринде аялдын образы элдердин салт-санаасын жана маданий эс тутумун сактоочу катары чагылдырылган. Жыйынтыгында кыргызстандык окуучунун эмгеги мыкты деп табылып, баш байгеге ээ болду.



Жеңүүчүнүн устаты, балдар билим берүү борборунун мугалими Венера Молдакунованын айтымында, Айназик борбордогу «Жанган өнөр» ийриминин тарбиялануучусу, ошондой эле Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектептин 8-классында билим алат.
Айназиктин жеңишке жеткен эмгеги ушул жылдын ноябрь айында Франциянын борбору Париж шаарында өтө турган ЮНЕСКОнун башкы штабында материалдык эмес маданий мурастын эл аралык күнүнө арналган көргөзмөгө коюлат.
Аталган фестиваль «ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасын сактоодогу жана жайылтуудагы аялдардын ролу» темасында өтүп, ЮНЕСКОнун 80 жылдыгына жана ЮНЕСКО клубдарынын жана ассоциацияларынын Бүткүл дүйнөлүк федерациясынын 45 жылдыгына арналган.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова