Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан билим берүү тармагын санариптештирүү жана мугалимдерди заманбап техникалык каражаттар менен камсыздоо максатында «Алтын Казык» ноутбуктары таратылууда.

Бул демилгенин алкагында Чүй облусунун Сокулук районундагы мектептерге да жаңы ноутбуктар тапшырылды.
Тактап айтканда, Саадаш Абдылдаева атындагы мектепке 7 ноутбук, ал эми Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебине дагы 7 ноутбук бөлүндү. Алардын ичинен 4 ноутбук кыргыз тили жана адабияты мугалимдерине, 3 ноутбук география мугалимдерине тапшырылды.

Жаңы техникалар мугалимдерге сабак учурунда санариптик ресурстарды колдонууга, электрондук материалдарды даярдоого жана окуу процессин заманбап талаптарга ылайык уюштурууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Кыргыз тили жана адабияты мугалими Гульазар Муонбаева ноутбуктардын берилиши мугалимдер үчүн чоң колдоо болгонун белгиледи.
«Ноутбуктун берилиши биз үчүн чоң колдоо. Эми сабактарга электрондук материалдарды, презентацияларды даярдап, окуучуларга маалыматты кызыктуу жана жеткиликтүү жеткирүүгө мүмкүнчүлүгүбүз кеңейет», — деди ал.
Ал эми география мугалими Талжибек Токтобай кызы жаңы техникалар сабактарды интерактивдүү өткөрүүгө жардам берерин айтты.
«Заманбап ноутбук география сабактарын интерактивдүү өткөрүүгө чоң жардам берет. Электрондук карталарды, видеоматериалдарды жана санариптик ресурстарды колдонуу менен окуучулардын предметке болгон кызыгуусун арттыра алабыз», — деп белгиледи мугалим.
Мындай колдоо мугалимдердин техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен бирге мектептерде санариптик билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө жана окуу процессинин сапатын жогорулатууга багытталган.
Даярдагандар: Айдай Джолчубекова,Зарина Соорбекова