Күз — берекенин, молчулуктун жана табияттын түркүн түскө боёлгон мезгили. Ушул мезгилге арналган «Алтын күз» майрамы окуучулардын чыгармачылык жөндөмүн жана талантын көрсөтүүгө шарт түздү.

Майрамдык иш-чаранын негизги максаты — окуучулардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү, сахна маданиятын калыптандыруу, көркөм окууга кызыгуусун арттыруу, улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана жаш таланттарды колдоо.
Иш-чара салтанаттуу саламдашуу менен башталып, катышуучулар конокторго жылуу каалоо-тилектерин билдиришти. Андан соң күз мезгилин даңазалаган ырлар окулуп, обондуу чыгармалар аткарылды.
Майрамдын программасында ыр-бийлерге өзгөчө орун берилди. Окуучулар бий чеберчилигин, сахнадагы эркиндигин жана талантын көрсөтүштү. Ошондой эле чыгармачылык номерлер, сахналаштырылган көрүнүштөр жана пародиялар көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады.
Мындан тышкары, күз темасындагы сахналык көрүнүштөр жана кол эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулду. Окуучулар өз колдору менен жасаган жасалгаларын жана түрдүү композицияларын тартуулап, күздүн кооздугун чыгармачылык аркылуу чагылдырышты.
Иш-чаранын катышуучусу, 7-«А» классынын окуучусу Алина Эргешбаева майрамга даярдык көрүү учурунда классташтары менен биргеликте ыр-бийлерди даярдап, күзгү композицияларды жасашканын айтты:
«Бул майрамга катышуу биз үчүн абдан кызыктуу болду. Даярдык учурунда классташтарыбыз менен биргеликте ырларды, бийлерди даярдап, күзгү композицияларды жасадык. Ар бирибиз өзүбүздүн жөндөмүбүздү көрсөтүүгө аракет кылдык. Сахнага чыгып, көрүүчүлөрдүн кол чабууларын угуу өзгөчө сезим тартуулады. Мындай иш-чаралар бизди ынтымакка, биргелешип иштөөгө жана чыгармачылыкка үйрөтөт», — деди ал.
Ал эми физика мугалими Толкун Шаршенкулова мындай иш-чаралар окуучулардын жөндөмүн ачууга жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи:
«“Алтын күз” сыяктуу тарбиялык жана чыгармачылык иш-чаралардын окуучулар үчүн мааниси чоң. Анткени ар бир баланын өзүнө таандык жөндөмү, кызыгуусу жана ачыла элек таланты бар. Биздин милдет — ошол таланттарды байкап, өнүктүрүүгө шарт түзүү. Даярдык процессинде окуучулар жоопкерчиликке, ынтымакка, өз ара колдоого жана эмгекти баалоого үйрөнүшөт. Бүгүнкү майрамда балдардын аракетин, чыгармачылыгын жана сахнадагы өзүнө болгон ишенимин көрүп кубандым», — деп белгиледи мугалим.
«Алтын күз» майрамы окуучулардын өз ара ынтымагын бекемдеп, эстетикалык табитин өстүрүүгө жана чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган тарбиялык иш-чара болду.
Даярдагандар: Нурайым Кеңешбекова, Раяна Бейшенбекова