Кочкор районунун Чолпон айылында медиа сабаттуулукка арналаган иш-чара өттү. Ага айыл тургундары катышып, жалган маалымат жана аларды аныктоо, социалдык медиа жана анын шайлоо өнөктүгүндөгү ролу тууралуу түшүндүрүү иштери жүрдү.
Чолпон айылында медиа сабаттуулукка арналаган иш-чара өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Чолпон жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары жана ыктыярчылары президенттик жана парламенттик башкаруу боюнча айыл элинин оюн укту.
Сүрөттө солдо: Чолпон айылынын тургуну Самат Карыпбаев
Самат Карыпбаев: “Буга чейин деле парламенттик башкарууну көрбөдүкпү. Депутаттар эл купулуна толгон жакшы иштерди жасай алышкан жок. Менимче, бир адам жооптуу болуп эле, ошол адамдан талап кылган туура эле болуш керек. Тышкы саясатты дипломатиялык жол менен президент чечкени туура. Ал эми ички саясат боюнча биз кааласак, каалабасак деле президент кийлигишет. Парламенттик башкаруу болгондо 120 депутат көп болуп калат экен. Алар олуттуу бир маселеге келгенде чече алышпайт экен. Кайсы партиянын мандаты көп болсо, ошол партиянын ой-максаты эле ишке ашып калат экен. Башкысы, өлкө башчысы эл үчүн кызмат кылам деген патриот адам болсо…”
Чолпон айылынын тургуну Гүлзат Шейшеева
Гүлзат Шейшеева: “Парламенттик башкаруу болгону жакшы эле. Азыр эми эл президентке ишеним артып отурат. Президент жакшы иштеп берсе эле, өнүгүү жолуна түшөбүз деген үмүттөмүн.”
Чолпон айылынын тургуну Чыңгыз Ишенов
Чыңгыз Ишенов: “Мен президенттик башкарууну колдойм. Себеби, президент мамлекеттик кызматтагы эң жогорку орун болуп жаткандан кийин бардык нерсени өз жоопкерчилигине алганы туура. Парламенттик башкарууда өзгөрүү болгон жок. Саналуу гана адамдардын кызыкчылыгы үчүн иштеди. Ошондуктан, элдин ой-талабы менен президенттик башкаруу болуп жатат. Буюрса, элдин оюндагы күн келе жатат. Парламенттик башкарууда 120 депутат бири-бирине шылтап кете берсе, эми бардык жоопкерчилик бир адамда болот. Суроо да, талап да ага коюлат, жооп дагы андан алынат.”
Чолпон айылынын тургуну Бактыбек Иманкулов
Бактыбек Иманкулов: “Президенттик башкаруу өлкөнү туура жолго салат деген ойдомун…”
Эпкин айылынын тургуну Айжан Өмүралиева
Айжан Өмүралиева: “Президенттик башкарууга көз-карашым түз эле. Президент жакшы иштесе жакшы эле болот болуш керек. Анын иштегенине жараша болот. Карапайым элдин турмушун ойлоп, элге жардам берсе… Ал эми азыркы Конституцияга дагы көз-карашым түз.”
Эл пикири: Баш мыйзамдын жаңы долбоорун окуй элекмин, бирок барып добуш берем
Баетов айылынын тургундары шайлоодон өнүгүүнү күтөт
Касиет Кубанычбек кызы