Бүгүн Баетов айылындагы Адилет атындагы паркта спорттун төрт түрү боюнча турнир башталды. Турнир 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгон Адилет Карасартовдун элесине арналып, достору тарабынан уюштурулду.
Карасартов тирүү болгондо 31 жашка чыкмак. Быйыл алтынчы ирет өткөрүлүп жаткан турнирдин ачылышына атасы С. Карасартов, райондук администрациянын башчысынын орун басары Ж. Мамбетова, жоро-жолдоштору жана оюнчулар катышты.
Алгач арбагына багышталып, куран окулуп, андан соң келгендер иш-чаранын максатына токтолушту.




Ак-Талаа району боюнча спорт инспектору М. Чырмыевдин айтымында, волейбол, футбол боюнча 11 команда катышып жатат. Ал эми байге фонду 30 миң сомду түзүп, ага жолдоштору-классташтары демөөрчүлүк кылган.
«Өкүндүргөнү жыл сайын катышуучулардын санынын азайып баратышы. Бул турнирди өткөрүүнүн негизги максаты — Адилет Карасартовдун атын өчүрбөй, анын атын, эрдигин даназалоо болсо, экинчиси, жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу», — деди Чырмыев.
Бул турнир жыл сайын 23-сентябрда Адилетти эскерүү катары өткөрүлүп келет. Спорттук мелдеш эки күнгө созулуп, 23-сентябрда туулган күнүндө жыйынтыкталат. Оюндун жеңүүчулөрүнө баалуу белектер жана өтмө кубок тапшырылат.
Даярдаган: Кубанычбекова Э., Тажиева А.
Сүрөттү тарткан: Эсеналиев Урмат
Тренер: Тажиева Эльнура