Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнүн Андарак айылындагы ички жолдорунун 600 метрине асфальт төшөлүүдө. Буга чейин тургундар жолдун начар экенине нааразычылыгын билдиришип, бул боюнча айыл өкмөт кызматкерлери менен бул боюнча маек курган элек.

Жол оңдоо үчүн бул долбоорду Сумбула айыл аймагынын мурдагы айыл өкмөт башчысы Баймурат Бекмуратов 2015-жылы жазган. Эки километр жолдун 600 метрине асфальт төшөлө баштады. Бул тууралуу Сумбула айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Абдисаид Самандаров билдирди.

“Бул жолго жалпы 2 миллион 747 миң сом акча бөлүнгөн. Азыр бул жерде бул тендерди Ош облусунан Ак-Белес акционердик уюму утуп алып, өздөрүнүн техникасы менен иштеп жатат. Бир вкладчик, эки асфальт басуучу катогу бар жана төрт чоң ХОА машинасы менен он беш киши иштеп жатат”, — деп билдирди Самандаров.

Жол оңдолуп жатканына өз сүйүнүчүн жашыра албаган айыл тургуну Манзура Жумабаева «бул жол оңдолуп жатканы абдан жакшы болуп жатат, эми жолубуз тегиз, чаңыбайт” дейт.

Жөө адамдар басуучу жол да курулат.

Даярдаган: Анвар Ашимов
Редактор: Нурислам Жанибеков
Сынак үчүн