Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде кошумча курулуш 2015-жылдын күз айларынан бери токтоп турат. Алынган маалыматтарга караганда бул кичи футбол аянтчасы болот.

Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Турусбеков курулуш иштерине каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөнүн айтты.
“Бизде курулуш иштерине кезек менен тендер жарыялайбыз. Аталган спорт аянтачсына жарыяланган тендерди жеке ишкер Улан Шерипбек уулу утуп алган. Жакын арада 178 миң сом акча каражатына курулуш иштери башталат”, — деди ал.
Даярдаган: Жылдызбек кызы Алтынай
Тренер: Тажиева Эльнура
Сынак үчүн