Ноокат районунун Кызыл-Булак айылындагы Айбашев орто мектебинде Жаш өспүрүмдөр уюмунун 20 жылдыгы белгиленди. Мектептин мыкты окуучалары “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” кошундарына өтүшүштү.
Аталган райондун Кулатов айыл аймагынын Айбашов орто мектебинде бул ишчара 20 жылдан бери өткөрүлүп келет.
Мектеп мугалими Бурул Арыкованын айтымында, окуучулардын арасынан коомдук ишке иктивдүү катышкандары жана олимпиададан ийгиликтүү орунга жетишкендери ардак громаталарын алган.
“Бул иш-чара Манас, Семетей, Сейтек уюмдарына окуучулар өзүнүн эл-жерин коргоого, улутун сактоого, адептүү болууга, мекенин сактоого, келечекте жакшы атуулдардан болууга, тарбиялануу иретинде өткөрүлдү», — деп билдирди Арыкова.
Аталган мектептин жаш өспүрүмдөр уюмунун вице президенти Мактым Дарбишева 1-5-класстардагы окуучуларды иш-чарага даярдоо кыйынга турганын айтты.
«Окуучулар жакшы даярданганына байланыштуу жаш өспүрүмдөр күнү көңүлдөгүдөй өттү десем да болот. Таланттуу окуучулар өзүнүн ырларын, бийлерин аткарып беришти», – деди мектептин жаш өспүрүмдөр уюмунун вице призденти.
Автор: Жаңылай Толкунбек кызы
Сынак үчүн
КК