Ноокат районунун Насирдин Исанов айыл аймагына караган Чеч-Дөбө айылынын тургундары аялдама маселеси боюнча көйгөйлөр бар экенин айтышкан. Биз бул тууралуу Исанов айыл өкмөтүнүн орун басары Үсөн Маткалыков менен маек курдук.
Ары-бери өткөн тургундар үчүн такси же маршрутка күтүү айрыкча кыш же жай мезгилдеринде кыйынчылык жаратат экен, бул тууралуу эмне дейсиз?
— Айылдарда негизинен аялдамалар бар, бирок алар союз мезгилинде курулгандыктан, азыркы убакта ал жерде маршрутка күтүү кыйын болуп жатат. Буйруса аларды да оңдойбуз.
Аялдамаларда отургучтар жок экен, качан жаңы аялдама курасыздар?
— Мурун бар болчу, азыр эми көп жылдардан бери туруп сынып калган. Эми жаңы курганда бардык шарттары менен курабыз.

Куруу ишин качан баштайсыздар?
— Азыр андан башка эл керегине жараган жумуштарды аткарып жатабыз. Эки жерге ФАП курулуп атат, алар бүтсө, буйруса, кийинки жылдан баштайбыз.
Аялдама боюнча дагы кандай пландарыңыздар бар?
— Жаңыдан салып баштаганда отургучтарын жакшы деңгээлде, заманбап катары жана сапаттуу куруп, бардык шарттары менен салалы деген жакшы пландар бар.
Маектешкен: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн