Мектептин быйылкы 10 жылдыктары мектепке белек катары спорт залды өздөрү демилгелеп оңдоп түзөдү. Мектеп залына жаңы эшик салып, ичин толук сырдашты.
Мектеп залынын темир эшигинин эскилиги жетип, жакшы ачылып-жабылбай калган. Ошондуктан быйылкы он жылдыктар эшикти 8 миң сомго жасатып, өздөрү келип салып берди.
Мектепти 10 жыл мурун бүтүп кеткен айыл тургуну Мамеков Медер «залдын эшигин гана алмаштырып койбостон, ичин дагы толук сырдап беребиз” дейт. Ошондой эле анын айтымында, спорт залга алар жумасына эки ирет келип волейбол ойношот экен.
Ал эми мектептин кароолчусунун айтуусунда, 10 жылдыктардын бул кылган иши мактоого арзыйт.
“Булардын көбү ушул залдан топ ойноп жүргөн балдар, залды оңдоп беребиз деп туура чечим кабыл алган экен”, — деди ал.
Ошондой эле мектеп окуучулары да залдын сырдалышына кубанууда. Алардын бири Бейшенбай уулу Нурбакыт төмөнкүлөрдү белгиледи.
”Зал мурункуга караганда сонун болуп калыптыр, эми дене тарбия сабагынан ушу жаркыраган залда ойнойбуз”, — деп кубанат ал.
Залдын эшигине, сырдалышына жана оңдоп түзөөгө жалпы 27 миң сомдун тегерегиндеги акча коротулган. Бул акчаны 10 жылдыктар өз чөнтөктөрүнөн чыгарышты.
Даярдаган: Алмаз Эшбаев
Редактору: Найзабек Мукамбет уулу
Сынак үчүн