Коңорчок айылындагы Н. Жыргалбекова атындагы орто мектебиндеги ыр-бий ийриминин мүчөлөрү жаңы форма менен камсыз болушту.
Ийрим жетекчиси А.Кожоевдин айтымында, форманы ата-энелер демөөрчүлүк кылып, 50 миң сом акча каражатына айылдагы чакан кийим тигүү цехине буйрутма аркылуу тиктирип беришкен.
Бул ата-энелердин биринчи жолку көмөгү эмес. Учурда ийримде 50гө жакын окуучу Манас айтуу, улуттук аспаптарда ойноо, ыр-бий багыттары боюнча сабак алышат.
Жакында өткөн “Жаш талант-2016” кароо-сынагында улуттук бийлер боюнча байгелүү орунду камсыз кылышкан.
Даярдаган: Айпери Мирлан кызы, Кубанычбекова Калида
Сынак үчүн