КРсынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосу АРИС “Айылды инвестициялоо үчүнчү долбоорунун алкагында аялдар үчүн “Финансылык сабаттуулук жана бизнести пландаштыруунун негиздерин үйрөнүү боюнча окутууларды жүргүзүүдө. Аталган окутууга Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл аймактарынан 1000ден ашык катышуучу катышты.
Алия Абдылдаева Ысык-Көл облусунун тургуну “Финансылык сабаттуулук жана бизнести пландаштыруу” долбоорунун катышуучусу. Ал 2 күн ичинде пайдалуу маалыматтарды алып, финансылык сабаттулууктун маанисин түшүнгөнүн айтат. Ошондой эле өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү сезбей журүптүрбүз деген ал үйдө отуруп деле коомго бизнес идеяларды сунуштап, өзүбүздү иш менен камсыздасак болот экенине ынанганын кошумчалады:
“Мен 3 баланын апасымын учурда балдар менен үйдө отурам. Эч качан ойлогон эмесмин финансылык сабаттуулук мынчалык маанилүү экенин. Акча жүргүзүүдө бир топ катачылыктарды кетирип жүрүптүрбүз. Үй бүлөлүк бюджетти туура жүргүзүү, туура пландоо туурасында жакшы маалыматтарды алдык.”
Ошондой эле аталган долбоордун катышуучулары АРИС агентствосу буга чейин деле айылдарды өнүктүрүүчү бир катар долбоорлорду ишке ашырып келишкенин айтышып, бул дагы пайдалуу долбоорлордун бири болуп жатканын белгилешти.
АРИС “Айылды инвестициялоо үчүнчү долбоорунун алкагында аялдар үчүн “Финансылык сабаттуулук жана бизнести пландаштыруунун негиздерин үйрөтүү боюнча тренер Мээрим Таалайбекова айыл жериндегилер мындай маалыматтарга суусап турушканын айтат. Окутуулар тандалып алынган аймактарда 10- сентябрдан 2-октябрга чейин өтүлүп бүтөт:
“Айылдарда негизинен аймактык өзгөчөлүктөрүнө жараша ресурстар бар. Болгону аларга тажрыйба, маалымат жетишсиз. Андыктан бул сабактар алар үчүн абдан пайдалуу болгонун айтышты. Киийнки кадамдар гранттын негизинде колдоо болот экен. Андыктан бул алган билимдерин колдонушат деп ойлойм.”
Аталган долбоордун адиси Нурила Абдыбекованын айтуусунда ар бир айыл аймактан төрттөн айым чакырылган. Алардын бизнеси же жакында баштоо планы болуш керек болчу. Аны жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тандап беришкен. Жалпысынан долбоорго 1000ден ашык катышуучу катышкан.
“Бул долбоорду аяктаганда аялдар үй-бүлөлүк бюджетти пландаганды, бизнеске идея табуунунун жолдорун, бизнести башкарууну үйрөнүшөт. Үйрөнүп бүткөндөн кийин аялдар өзүн-өзү иш менен камсыз кылганга, өз бизнесин өнүктүрүп кеткенге жана ошондой эле үй-бүлөлүк бюджетин бекемдегенге мүмкүнчүлүк түзүлөт деген ойдобуз. Бирок, учурда базалык гана билимдер берилип жатат. Алдыда “кошумча каржылоо” долбоору башталганы турат, анда экономикалык долбоорлор кирет башкача айтканда киреше алып келүүчү буга биз азыр базалык билим алып жаткан аялдарды кошуп дагы да билимдерин кеңейтип иштешебиз.”
Белгилей кетсек аталган иш-чара дүйнөлү банктын жана министрлер кабинетинин каржылоосунда ишке ашууда.
Чүйдө 12 социалдык объект аяктап колдонууга берилди
Койдун жүнүн кайра иштетип ишкерлик кылган айымдар
Эл аралык талаптарга жооп берген кийиз буюмдарын өндүргөн Барскоондук айымдар
Айгерим Кубатбекова