Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы аялдардын жана жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында “Аялдар арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү фонду» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан «Агро Айым — Агро Жаштар» долбоорунун алкагында, “Айыл чарбасындагы айымдар жана жаштар үчүн жаңы технологиялардын учурдагы жеткиликтүүлүгү жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрү» темасындагы кейс стади изилдөөсү жаш изилдөөчү Султанова Курманжан тарабынан аткарылды.
Изилдөөнүн максаты: Айыл чарба тармагындагы жаш ишкер айымдардын жана жаштардын агробизнесте колдонуп келе жаткан жаңы технологиялар, жаңы технологияны киргизүүдө негизги тоскоолдуктар, жана агробизнеске жаңы технологияларды киргизүү боюнча чечимдер жана сунуштар боюнча кейс-стади иштеп чыгуу.
Максаттуу топ: Агробизнес тармагында иш алып барган аялдар жана жаш ишкерлер: бал өндүрүү, кара өрүк, малина, күнөсканада гүл өстүрүү, биогумус өндүрүү, инкубатордо канаттууларды чыгаруу.
«Айыл чарбасындагы айымдар жана жаштар үчүн жаңы технологиялардын учурдагы жеткиликтүүлүгү жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрү» темасындагы кейс-стади форматындагы изилдөө иши аткарылды. Айыл чарбасында түшүмдүүлүктү жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу максатында колдонуучу жаңы технологияларга айыл чарба техникасы, робототехника, спутниктер, дрондор, мобилдик каражаттар жана программалоо камтыйт. Ошондой эле чөң көлөмдүү маалыматтардын аналитикасын жана жасалма интеллектти колдонуу да кирет.
Ошол эле учурда, агробизнес тармагында жаңы технологиялар аркылуу ар тараптуу мүмкүнчүлүктөр кеңейет. Алар аркылу убакытты үнөмдөө, эки-үч эсе жогорку деңгээлде түшүм алуу, таза химикатсыз азыктандыруу, финансылык жактан көз карансыздыкка жетүү, өз продукциясын экспорттоого мүмкүнчүлүк ачылат.
Негизинен, Кыргызстандын туштүгүнүн айыл чарбасында, көпчүлүк дыйкандар дан эгиндерин себүүдө, дарылоодо, жыйноодо буга чейин кол эмгекти жана жеткиликтүү болгон техникаларды пайдаланып келишкен. Бүгүнкү күндө, технологиялардын өнүккөнүнө байланыштуу, жүгөрү жана башка өсүмдүктөрдү дарылоодо дрондорду пайдаланып; данды эгүүдө бир калыпта, керектүү өлчөмдө себүү ыкмаларын өздөштүрүп, культивация менен картошканы көмүп жылына эки эсе түшүм алуу; жамгырлатып, тамчылатып сугаруу системасы менен сууну үнөмдөө, өсүмдүккө керектүү азыктарды берүү; өсүмдүктөрдү отургузуу, түшүм жыйноодо топуракты иштетүүдө мотоблокторду иштетүү, ал эми кара өрүк, малина мөмө жемиштер менен алектенген дыйкандар үчүн чоң көлөмдөгү кургаткычтар жеткиликтүү болуп, аны өз чарбасында, талаасында пайдаланып келе жатышат.
Ал эми, тоок фермасында инкубатор жолу менен асыл тукум жөжөлөрдү чыгарып сатуу да жаңы технологиялардын бири болуп эсептелет. Себеби, автоматташтырылган “акылдуу” инкубатордо чыгуучу канаттууну “типтерге” бөлүү, жумурткаларды жылуулукка, жарыкка автоматтык түрдө алмаштыруу, температураны контролдоо ж.б. адамдын катышуусуз иштей турган функциялары бар.
Ошол эле учурда, мөмө жемиштерди сактоочу муздаткычтарга, “шоковая заморозка” кылуучу муздаткычтарга суроо талап күчтүү болуп жатат. Бүгүнкү күндө мындай муздаткычтардын саны жетишсиз. Анткени, кайсы гана мезгилде болбосун, мөмө-жемишти сапатын бузбастан, 4 мезгилде кымбат баада сатууга шарттар түзүлөт.
Бал аарычылыктагы жаңы технологиялар болуп: бал челектерди көчүрүү методу, үйүрдү башкаруудагы жаңы методдор, рой чыгаруудагы жаңы методдор жана балды сактоо идиштеринин сапатына маани берүү, аны сатуу талабына, сырткы продукциянын жасалгалоосуна маани берип, кичине айнек идишке фасовкалап, балды брендке айландыруу аркылуу сатуу технологиясына басым жасап жатышат.
Ал эми жаңы технологияларды айыл чарба тармагына киргизүүдө негизги факторлордун бири болуп жер тандоо болуп эсептелинет, жер кыртышынын өзгөчөлүгүн, ал аймактын климаттык өзгөчөлүгүнө маани берип, технологияны тандоо зарыл. Ошону менен биргеликте, фермерлер өзүнүн чарбасында мыкты адис болуп, кайсы гана учурда болбосун билимин жаңылап окутуп туруусу керек. Анткени, бүгүн жаңы технология деген, эртең башка система менен алмашуусу толук ыктымал. Бул тармакты өздөштүрүү үчүн, дыйкандардын маалымдуулугун жогорлатуу үчүн эксперттердин ою боюнча жер жерлердеги мамлекеттик агрардык тармакта иш алып барган адистерди алгач окутуп, алар өз учурунда жергиликтүү дыйкандарга консультация бериши керек.
Интервью аркылу төмөнкү жеткиликтүү жаңы технологиялар аныкталды:.
• Эгин талааларында дрондорду колдонуу менен дарылоо ыкмасы;
• Ноу тилл-технологиясын жерди айдабастан, жер семирткичтерди колдонуудан үнөмдөөгө мүмкүндүк берет, анткени алар атайын түтүкчөлөр аркылуу үрөн менен түздөн-түз жерге кирет.
• Жүгөрү жана башка өсүмдүктөрдү эгүүдө культивация жолдору аркылуу 1 сезондо 2 эсе жогорку түшүмдү алуу;
• Эгиндерди жыйноодо кара күч колдонбостон мотоблок тракторлорун колдонуу менен убакытты үнөмдөп, эгинди бат жыйнап алууга шарт түзөт;
• Талаада/күнөсканаларда тамчылатып суугаруу аркылуу сууну үнөмдөп, аны автоматташтырып, бардык жерге тегиз суу таратылып, белгилүү мөөнөт убакыт өткөн соң өчүрүп жандыра алат; Тамчылатып сугаруу системасы менен өсүмдүктөргө керектүү кошумча заттарды да тамырына жетчүдөй, керектүү, үнөмдүү өлчөмдө берүүгө болот.
• Бир калыпта/температурада сактаган муздаткычтарды пайдалануу;
• Логистикалык борборлорду куруу менен азыктарды көп убакытка сактап берет. Азыркы учурда Жалал-Абад, Баткен, Ош облустары боюнча 10го жетпеген борбор жайгашкан , бул жетишсиз, дагы куруу талап кылынат.
• Тоок фермасындагы күн нуру менен иштетилген инкубаторлорду колдонуу аркылуу электр энергиясын үнөмдөп, экономикалык жана экологиялык жактан пайдалуу болуп эсептелет.
• Жашыл экономиканы жогорулатууга багытталган жаңы технологияларды колдонуу менен жерге зыян тийбей, органикалык азыктар менен элди камсыз кыла алат.
• Кайра иштетүүчү ишканаларды куруу менен өзүбүз продукцияларыбыз элге жеткиликтүү болот.
Тоскоолдуктар жана кыйынчылыктар:
• Фермерлердин жаңы технологиялар боюнча маалыматынын жоктугу. Кайсы гана багытта технология болбосун, сөзсүз түрдө өз тармагын мыкты билген адистер керек, азыркы учурда техника жактан чет өлкөдөн келген жабдыктарды иштетүүнү билгендер жокко эсе болууда.
• Фермерлердин жаңы технологияларды өз агробизнесине киргизүүдө анализ жасоо керек, канчалык деңгээлде аны өздөштүрүп кете алары маанилүү. Азыркы учурдагы анын заман талабына жооп береби-экология жактан зыянга учурап калбайбы деген суроолорду бериш керек. Анткени “мен көп түшүм алууну каалап, жер семирткичтерди дозасынан көп, же кошумча дарылоонун кошулмасында химикат көп болсо дагы, аны жер көтөрө албай калуу ыктымалдуулугу жогору”- экендигин ишкер айым белгилеп өттү.
• Агробизнес үчүн жабдыктарды сатып алууда маалымат жактан жана финансылык жактан кыйынчылыктар жаралат.
• Мамлекет тарабынан айыл чарба ишкерлери үчүн окутуулар жокко эсе, атайын пландаштырылган программалардын жоктугунан улам, айымдар жана жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөр аз;
• Кээ берки алыскы аймактарда интернет иштебегендиктен, социалдык тармактардан сатуу булактарынын жеткиликтүү болбогондугу;
• Органикалык продукцияны өстүрүү боюнча айыл чарба субъекттеринде билимдин жана практикалык көндүмдөрүнүн жоктугу;
• Алгылыктуу шартта кредиттик каражаттардын жеткиликсиздиги;
• Ар бир аймактын климаттык өзгөчөгүлү тууралуу маалыматтнын жоктугу жана анализ кылбагандыгы.
Сунуштар:
• Жаңы спутник системасын колдонуп (GPS) “так дыйканчылык”, “акылдуу дыйканчылык” жана “акылдуу фермер” системаларын колдонуу менен иш алып баруу айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө алып келет. Ошондой эле дрондорду колдонууну кеңейтүү, ал жөнүндө жана бардык жаңы технологияларды сатып алуу жана колдонуу маалыматтарынын жеткиликтүүлүгү боюнча жана айыл чарба министрлиги алгылыктуу иш-чараларды аткаруусу зарыл.
• Агро өнөр-жайлык кластер (кластердик бирикме) — агроөнөр жай комплексинин кошумча нарк чынжырында иштеген фермерлердин, агроөнөржай ишканаларынын (кайра иштетүүчү ишканалар жана соода-логистикалык борборлор) аймактык концентрациясын жогорулатуу керек.
• Жаңы технологияларды практика жүзүндө көрүү үчүн чет өлкөлөргө экскурсия уюштуруп, тааныштыруу. Жакынкы Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүндө эле жаңы технологияларды колдонуу биздин өлкөгө караганда кыйла алдыга жылып кеткен.
• Айыл чарба секторун IT технологияларды өнүктүрү менен санариптештирүү; Өлкө ичиндеги өндүрүлө турган өсүмдүктөрдүн, азыктардын көлөмүн айыл аймагы боюнча маалымдоо платформасын түзүү, ошондо агроишкерлер, кардарлардын мукатаждыктарына, экспорттонун талабына ылайык көлөмдө өндүрүүнү пландай алышмак.
• Мамлекеттик банктар тарабынан дыйкандар, агроишкерлер үчүн жаңы технологияны/жабдыктарды сатып алууга аз пайыздагы кредиттерди берүү;
• Республика боюнча айыл чарбанын өз багыттары боюнча: фермерлердин, эксперттердин, ишкерлердин башын бириктирип онлайн/оффлайн форматта платформаларды түзүп, жолугушууларды уюштуруп туруу. Ошондой эле, бул платформада кайсы аймакта кандай продукцияны эгүүгө болоору туралуу, кандай климаттык шарттар дал келгендиги жөнүндө тиркеме, базалык маалыматтын болуусуна санариптештирүү аркылуу жетишсек болот. Мисалы: Баткен дегенде оюбузга өрүк, Өзгөн-күрүч, Арстанбап-жаңгак деген бренд оюбузга биринчи келет. Ошол сыяктуу ар бир жердин өндүрүмү брендтер менен байланышып, аны онлайн социалдык тармактар аркылуу жеткиликтүү боло турган даражага жеткирсе болот.
Белгилей кетсек, «Аялдар арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү фонду» коомдук бирикмеси «Агро Айым — Агро Жаштар» долбоорунун алкагында Ош, Жалал-Абад облустарындагы аялдар жана жаштар жетектеген агро-ишканалардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында жаш изилдөөчүлөргө колдоо көрсөтөт.Аталган изилдөө USAIDдин “Агросоода” долбоорунун колдоосу менен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы аялдардын жана жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында “Аялдар арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү фонду» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан «Агро Айым — Агро Жаштар» долбоорунун алкагында ишке ашырылды.