Ар түрдүү табигый кырсыктар катталган учурда бир гана мамлекеттик камсыздандыруу жардамга келет. Камсыздандыруунун кандай түрлөрү бар? Тарифи кандай? Кенемтени канча мөөнөттө алууга болот? Бул жана башка суроолорго Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уюштуруу иштери жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Чекиров жооп берди.
Мамлекеттик камсыздандыруу кандай учурда ишке ашат?
Камсыздандыруу маданияты 1990-жылдардан кийин жоюлуп кеткен. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги республика боюнча авариялык үйлөрдүн реестрин түзүп, кайтарымсыз жана кайтарымдуу ссудаларды берип келген. Бирок, бул иш 2017-жылдан кийин токтогон. Ал эми ага чейин 2015-жылы турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам чыккан. Өкмөттүн токтому менен биздин мамлекеттик камсыздандыруу уюму түзүлүп, бул мыйзамды ишке ашырып келе жатабыз. Бирок, башка өлкөлөрдөгүдөй бул мыйзам күч менен эмес, түшүндүрүү жолу менен ишке ашып келе жатат.
Канча объект мамлекеттик камсыздандырууда турат?
Ушул күнгө чейин 67 миң объект камсыздандырылып турат. Биз аларга жоопкерчилик алабыз. Жарандарыбызга жеңилдик болсун деп 1,2 -топтогу майыптуулугу бар жарандарыбызга 100% бекер полис беребиз. Ал эми 3-топтогу майыптуулугу болсо, 50% арзандаттуу менен камсыздандырып беребиз.
Турак жайды камсыздандыруу тарифи кандай?
Өкмөттүн токтому менен айыл жергесине тариф бир жылга 600 сом деп бекитилген. Кокус, турак жай жабыркап калса, 500 миң сомго чейин мамлекеттик камсыздандыруу уюму кенемте төлөп берет. Ал эми шаар жергесине тариф бир жылга 1200 сом деп бекитилген. Анда, биздин жоопкерчилик 1 млн сом чейин болот. Мындай алып караганда бир жыл үчүн 600 же 1200 сом көп деле каражат эмес. Айына бөлүп карасак, шаардыкы 100 сом, айылдыкы 50 сомдон айланат. Ал эми турак жай ден-соолуктан кийинки эле экинчи байлык болуп калды. Кайсы учур болбосун үй-жайы өрттөнүп, сыртта калуу — бул абдан чоң трагедия. Өзгөчө кыш мезгилинде өрттөн улам, эшикте калган адамдарды өз көзүм менен көрүп жүрөм. Ал эми 600 сом төлөп, камсыздандырып коюу – бул өзүбүз үчүн, өзүбүздүн турак жай үчүн кам көргөн болот.
Турак жайды камсыздандыруу тарифи үйдүн аянтынан көз-карандыбы?
Турак жайды камсыздандыруу анын аянтынан көз-каранды эмес. Тактап айтканда турак жай — бир кабат, эки кабат же бир бөлмөлүү, 4 төрт бөлмөлүү үй болобу айыл жериндеги тариф 600, шаар жериндеги тариф 1200 сомду түзөт. Ошондой эле, турак жайды камсыздандыруу аталышы айтып тургандай үйдүн өзүн камсыздандыруу болуп саналат. Анын жанындагы сарай ж.б чарбалык курулуштар милдеттүү камсыздандырууга кирбейт. Бирок, кааласа ыктырядуу камсыздандыруудан колдонсо болот. Ошондой эле милдеттүү камсыздандырууда биздин жоопкерчилик 1 млн сом. Эгер, жаран 2 млн сомго камсыздандыргысы келсе, кийинки миллион сом үчүн ыктыярдуу камсыздандырууну колдонсо болот.
Кырсык болуп кетсе, камсыздандыруу кенемтесин канча убакытта алууга болот?
Мисалы өрт болуп кетсе ошол аймактагы биздин өкүлдөрүбүз жерине барып көрүп, акт түзөт. Андан тышкары, ӨКМдин корутундусун биздин өкүлдөр чогултуп борбордук аппаратка жиберет. Биз бул жактан кенемтесин эсептеп, төлөп беребиз. Негизи мөөнөт бир ай тегерегинде болот.
Камсыздандыруунун кандай түрлөрү бар?
Камсыздандырууну экиге бөлүп карасак туура болот. Биринчиси – милдеттүү камсыздандыруу болсо, экинчиси – ыктыярдуу. Милдеттүү камсыздандырууда тарифтери, жоопкерчиликтери, мөөнөтү токтомдун негизинде бекитилет. Ал эми ыктыярдуу камсыздандырууда кардар менен камсыздандыруу уюмунун экөөнүн ортосунда келишим болот. Анын баасы дагы тобокелчиликтерге, эмнени камсыздандырып жатканына жараша болот. Негизи, милдеттүү камсыздандыруунун бүгүнкү күндө биз жүргүзүп жатканы – турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктан камсыздандыруу. Андан кийин кооптуу жүк ташуучулардын жоопкерчилигин камсыздандыруу, иш берүүчүлөрдүн жарандык жоопкерчилиги, адам ташыгандардын жарандык жоопкерчилиги жана кооптуу аймактарда, объектилерде эмгектенгендердин жарандык жоопкерчилиги болуп бөлүнөт.
Ыктыярдуу камсыздандырууга кайсылар кирет?
Ар бир адам өзүн ар түрдүү кырсыктардан камсыздандырса болот. Ыктыярдууда бир гана турак жай эмес, бардык объектилерди камсыздандырып койсо болот.
Кайсы нерселер камсыздандырылбайт?
• Талаш үйлөр;
• Соттун арестинде турган үйлөр;
• Согуш аракеттеринен жабыркаган турак жайлар;
• Убактылуу жашоочу жайлар (времянка);
• Авариялык үйлөр камсыздандырылбайт.
Милдеттүү камсыздандыруу Кыргызстанда канчалык жүзөгө ашып келет?
Чет мамлекеттерде милдетүү камсыздандыруусуз ал жердеги жарандардын бир дагы иши бүтпөйт. Бардык жерде камсыздандыруу полисин сурашат. Биз 2016-жылдан бери масштабдуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Учурда Кыргызстан калкынын 80% камсыздандыруу деген бар экенин билип калышты. Буга жоопкерчиликтүү мамиле акырындан орноп келе жатат. Табигый кырсык учурдунда абалдан чыгуунун бир гана жолу бар. Ал мамлекеттен, т.а мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан өздөрүнүн камсыздандыруу полистерин алышы керек. Мисал менен айтканда эки үй күйүп кетсе, бирөө камсыздандырылган болсо, бирөө камсыздандырылбай жатат. Камсыздандырылбаган бүлө эч нерсеси жок калып жатат.
Мурда биз камсыздандырууда техникалык паспорт сурачу элек. Бирок, республикада дээрлик көпчүлүк үйлөр атадан балага кала берип, техникалык паспорту жок үйлөр көп экен. Биз элге жеңил болсун деп инвентардык иши же кадастрдык планы, болбосо айыл өкмөттөн үй ушул кишиге таандык деген маалым кат алып келсе, биз ошонун негизинде камсыздандырып жатабыз.