Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында бала бакча курулуп жатат. Бул бакча “АРИС” уюму тарабынан каржыланып, жалпы 11 500 000 сом акча каражаты бөлүнгөн.
Бул тууралуу Жеге-Тал айыл аймагынын башчысы Шекер Жумабекова буларга токтолду:
“Сентябрь айында бүтүрөбүз деп жатышат, бирок ал компаниянын объектилери көп болуп, ошондуктан сентябрь айында бүтпөй калат го деп ойлоп жатам. Бул курулуш металлокаркассный, жеңил курулуш. Менимче сапаты жагынан жакшы эле курулуп жатат. Атайын технадзор айыл өкмөтүнөн дагы, “АРИС” уюму тарабынан дагы жалданган. Келип текшерип турушат.”
Бул бала бакча жакшы сапатта салынып жатат дейт “Аалам Строй” компаниясынын курулуш жетекчиси Мирбек Бейшекеев.
“Бул бала бакча заманбап салынып жатат. Ал эми сапаты жакшы, бышык, жер титирөөгө дагы туруштук бере алат. Жылуу. Курулушта эки бригада иштеп жатабыз, бетондо өзүнчө, бардыгы жыйырмадай киши иштейт.”
“Бала бакча бүтсө биздин айылдын элине өтө пайдалуу болмок. Ар бир баланын ой жүгүртүүсү кенен болуп чоңоюшуна дагы чоң салымын кошмок. Сентябрь айында бүтөбүз деп жатышат, эми ошо бүтүп калса бизге аябай жакшы болот эле”, — дейт айыл тургуну Мээрим Арыкбаева.
Бала бакчанын курулушу 2016-жылдын ноябрь айында башталган. Бул бала бакча сегиз ай ичинде бүтүрүлмөк. Бирок Нарын районунун суугуна байланыштуу убактылуу токтотулган.
Даярдаган: Аман Шаршенбеков
Атайын сынак үчүн